Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:48

Суусамырда кар көчкү алдында калган малчыны издөө уланууда

Көчкү алдында калган малчыны издөө. Суусамыр. 14-февраль, 2026-жыл.
Көчкү алдында калган малчыны издөө. Суусамыр. 14-февраль, 2026-жыл.

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагындагы Бороондуу жайлоосунда көчкү басып калганы айтылып жаткан малчыны издөө 14-февралда да уланды. Издөө ишине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 24 куткаруучусу, айыл аймактан 28 адам, 1 милиционер жана ыктыярчылардан кошулуп, жалпы 55 адам чыкты.

Көчкү алдында калган малчыны издөө 13-февралда түнкү саат 3:00дө башталган. Ал күнү куткаруучулар он баш койдун тарпын табышкан.

12-февралда 59 жаштагы Д.А. аттуу малчыны 50 баш кою жана бир аты менен көчкү басып калганы тууралуу маалымат түшкөн. 13-февралда түнү 24 куткаруучу кырсык болгон жерге жөнөп кеткен.

ӨКМ 11-13-февраль күндөрү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында көчкү түшүүсү мүмкүн экенин эскерткен.

Министрлик калың кардан улам 12-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна II даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин билдирген.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG