Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен 66 кыргыз жараны айлык акысын алышты.
Министрликтин маалыматына караганда, жамааттык кайрылуунун негизинде кыргызстандык мигранттар иштеген “Газспецстрой” ишканасы менен тиешелүү иш-чаралар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Натыйжада кыргызстандыктар аталган ишканадан ала албай жүргөн айлык акысын толугу менен жалпы 1 млн рубль суммасында алышты.
Ошондой эле Р. З. аттуу кыргыз жаранына багуучусун жоготконуна байланыштуу төлөмдү алуусуна да көмөк көрсөтүлдү. Орусиянын мамлекеттик органдары жана иш берүүчү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 2025-жылдын 5-декабрында аталган жаранга Орусиянын Социалдык фонду багуучусун жоготкондугу боюнча 2 млн рубль өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул, ал эми иш берүүчү “Дентро” ишканасы 174 миң рубль кенемте төлөп берген.
Орусиядагы кыргызстандык мигранттар түрдүү себептер менен айлыгын ала албай калган учурлар көп кездешет. Аларга Кыргызстандын мамлекеттик органдары, мигранттардын кесиптик кошуундар бирикмеси көмөктөшүп, мээнет акысын алып берген учурлар бар.
ТИМ 2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрүн, анын ичинен 376 миңи Орусияда миграциялык каттоого алынганын маалымдаган. (ZKo)
Шерине