Азербайжандын президенти Илхам Алиев Мүнхен конференциясында сүйлөп жатып, Орусия Украинага күн сайын жасаган чабуулунда Азербайжанга тиешелүү энергетикалык обьекттерди гана эмес, өлкөнүн Киевдеги элчилигин да бутага алганын билдирди.
Алиевдин сөзүнө караганда, элчиликтин имаратына кеминде үч жолу чабуул жасалган, Москва дипломаттардын дооматтарын этибар алган эмес. "Ошондуктан, чабуул атайылап жасалганын боолгосо болот", - деди Алиев.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Азербайжан президентинин сөзү чындыкка дал келбесин, ал эми 2025-жылы июль, август айларында Киевдеги азери элчилигинин имаратынын жабыркашы украин армиясынын "туура эмес ишинин" натыйжасы болгонун билдирди.
15-февралга караган түнү Орусия Украинага түрдүү түзүлүштөгү 83 дрон менен чабуул койду. Алардын 55и жок кылынганын, 12 жерге ракета тийгенин украин Куралдуу күчтөрү кабарлады.
Украинанын Днепропетровск облусундагы эки район авиабомба жана дрондордун соккусуна кабылды. 13 жаштагы кыз менен 40 жаштагы эркек киши жараат алышканын облус башчысы Александр Ганжа маалымдады.
Орусиянын дрон чабуулуна Одесса да кабылды. Шаар мэри Сергей Лысак кабарлагандай, жарылуу толкунунан улам көп кабаттуу үйлөрдүн жана билим берүүчү мекемелердин терезелериндеги айнектер күбүлүп түшкөн. Жабыркагандар жок. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы темир жолго жасалган чабуулдан күйүүчү май куюлган цистерна күйүп кеткенин маалымдады.
Запорожьеге жасалган чабуулдан жер үй өрттөнүп, 75 жаштагы абышка 73 жана 55 жаштагы аялдар жараат алганын аймактын башчысы Иван Федоров билдирди.