Чүйдүн Аламүдүн районунда 15-февралда болгон жол кырсыгынан үч адам мүрт кетти. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматында Бишкек-Теплые Ключи автожолунун 15-чакырымында Hyundai Sonata машинесинин 26 жаштагы айдоочусу (ред: 2000-жылы туулган С.Б.) түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, жолдон чыгып, жардан Аламүдүн дарыясына түшүп кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу жана машинедеги дагы эки жүргүнчү (ред: 20-25 жаштагы эки аял киши) алган жаракаттарынан кырсык болгон жерде каза болушкан. Андан тышкары дагы бир 26 жаштагы жүргүнчү (ред: 2000-жылы туулган Ж.А.) ар кандай жаракаттар менен Чүй аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Жол кырсыгы боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапты. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алды. Кырсыктардын негизги себептери автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени айтылып келет. (BTo)