Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт

17-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт.

Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 16…18° жылуу болот.

Дагы караңыз

"Досум кызматка барбайт, эс алсын". Жапаров Ташиев тууралуу соңку жагдайды айттыПрезидент транспорт министри Абсаттар Сыргабаевди кызматтан алдыМедер Машиев жаратылыш ресурстары министри кызматынан бошотулдуБообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулдуЖапаров: Түндүк-түштүккө бөлүнүүгө жол берилбейт