Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматы кабарлады. Жарлыкта Машиевдин кызматтан алынышынын себеби көрсөтүлгөн эмес.
54 жаштагы Медер Машиев 2024-жылдын сентябрь айынан бери министрликти жетектеп келген. Ал ага чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарлыгын аркалаган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп Акыл Токтобаев дайындалды. Буга чейин ал аталган министрликтин алдындагы "Кыргыз геология" ишканасынын директору болуп эмгектенип келген.
Бүгүн президент Жапаров Машиевден сырткары өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди жана транспорт министри Абсатар Сыргабаевди кызматтан алды.
Шерине