Бишкекте реабилитациялык борбордо каза тапкан эки адамдын иши иликтенүүдө

Борбор калаадагы "Бишкек-Маяк" реабилитациялык борборунда дарыланып жатып, каза тапкан эки бейтаптын өлүмү иликтенүүдө.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 16-февралда маалымдады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан бул адамдардын өлүмүнүн бардык жагдайларын аныктоо боюнча зарыл ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлөт жана анын негизинде юридикалык баа берилет.

Атайын кызмат Бишкекте "Хидальго", "Решение" жана "Бишкек-Маяк" деп аталган үч реабилитациялык борбор мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталганын билдирди.

Бул реабилитациялык борборлордун жетекчилери жана айрым кызматкерлери негизинен дарылоонун адаттан тыш ыкмаларын колдонуп келишкени аныкталган.

"Бейтаптарды физикалык күч менен баш ийдирип, электрошокер колдонуп, керебетке, отургучка отургузуп кыйнап, изоляциялык бөлмөлөргө жайгаштырып, муну менен оор психологиялык травма келтиришкен", - деп жазылган маалыматта.

Коопсуздук кызматы аталган реабилитациялык борборлордо бейтаптарга колдонууга тыюу салынган күчтүү таасир этүүчү психотроптук препараттар табылганы, сот чечими менен үч борбордун жети кызматкери кармалып, камакка алынганы кабарланды.

Аталган борборлордун өкүлдөрү жана кармалгандардын адвокаттары комментарий бере элек.

УКМК буга чейин да адам өмүрүнө жана ден соолугуна каршы кылмыштарды алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттердин алкагында Бишкекте "Путь к жизни" деп аталган реабилитациялык борбордун жетекчисин жана кызматкерин кармап, камакка алган.(ZKo)

Дагы караңыз

"Досум кызматка барбайт, эс алсын". Жапаров Ташиев тууралуу соңку жагдайды айттыМедер Машиев жаратылыш ресурстары министри кызматынан бошотулдуПрезидент транспорт министри Абсаттар Сыргабаевди кызматтан алдыБообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулдуКазакстан Ысык-Көлдөгү жер тилкелерин ижарага алуу келишимин 49 жылга узарттыБашкы прокуратура УКМКнын Бишкек башкармалыгынын экс-башчысы Элдар Жакыпбеков кармалганын ырастады