Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 14-февралда Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өкмөттөгү, күч түзүмдөрүндөгү жана мамлекеттик концерндердеги ири кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу жарыялады.
Генерал-майор Назар Атагараев Улуттук коопсуздук министри кызматынан "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" бошотулду. Анын ордуна генерал-майор Довлетгелди Мередов дайындалды. Министрликтеги жетекчилик курамдын жаңыланышы 13-февралда өткөн өкмөттүн кеңейтилген жыйынында башталган кадрдык өзгөрүүлөрдүн уландысы болду.
Кеңири масштабдагы өзгөрүүлөр күч түзүмдөрүн гана эмес, жарандык тармактарды да камтыды. Маселен, президенттин мунай-газ тармагы боюнча кеңешчиси Ашыргулы Беглиев пенсияга чыкканына байланыштуу кызматтан бошотулду.
Мунай-газ тармагынын негизги адистеринин бири, вице-премьер Батыр Аманов да иштен четтетилди. Вице-премьер Байрамгуль Ораздурдыева жана саламаттык сактоо жана фармацевтика өнөр жайы министри Мырят Маммедов кызматтарынан алынды. "Түркмөннебит" мамлекеттик концернинин төрагасы Гуванч Агажанов өкмөт төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Буга чейин кызматтан алынган Архитектура жана курулуш мамлекеттик институтунун ректору Батыр Маммедов да өкмөт төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Мамметхан Чакиев өкмөт төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Айлана-чөйрөнү коргоо министри Чарыгелди Бабаньязов, тамак-аш өнөр жайы бирикмесинин төрагасы Бегмырат Атаев жана ондогон башка жогорку кызматтагы аткаминерлер да иштен алынды. Себеби расмий айтылган жок.