Депутат Элдар Сулайманов мандатын тапшырууга арыз жазды

Элдар Сулайманов

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов мандатын тапшыруу арызын жазды. Бул тууралуу БШК билдирди.

Арыз 17-февралда саат 14:00до каралат.

Депутаттын мандаттан баш тартуусуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Мындан бир ай мурда депутаттын мурдагы жубайымын деген Асел Азаматова аттуу жаран күйөөсүнөн зордук-зомбулук көргөнүн социалдык тармакка жазып чыккан. Окуя резонанс жаратып, ИИМ келинге коргоо ордерин берген.

Элдар Сулайманов 40 жашта. Ал 2025-жылдын ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо №5 округдан шайланып келген.

Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун уулу. Эмгек жолун “Электр станциялар” ишканасынан баштап, кийин Финансы полициясында, Мамлекеттик каттоо кызматында, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. 2021-жылы Ош шаардык кеңешине “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышып, депутат болгон. Ушул эле жылы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен келип Жогорку Кеңешке депутат болгон. (JsA)

Дагы караңыз

HRW Казакстандын Конституциясынын жаңы долбоору боюнча кооптонуусун билдирдиУКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кеттиБишкек мэриясы: Профсоюз көчөсү көрүстөн аркылуу салынса 1364 сөөк көчүрүлмөк