БШК депутат Элдар Сулаймановду мандатынан ажыратты

Элдар Сулайманов.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 17-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановду өзү жазган арызынын негизинде мандатынан ажыратты. Арыз жазууга эмне себеп болгону белгисиз.

Мындан бир ай мурда экс-депутаттын мурдагы жубайымын деген Асел Азаматова аттуу жаран күйөөсүнөн зордук-зомбулук көргөнүн социалдык тармакка жазып чыккан. Окуя резонанс жаратып, Ички иштер министрлиги (ИИМ) келинге коргоо ордерин берген. Экс-депутат коюлган дооматтарды четке каккан.

Элдар Сулайманов 40 жашта. Ал 2025-жылдын ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо №5 округдан шайланып келген.

Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун уулу. Эмгек жолун “Электр станциялар” ишканасынан баштап, кийин Финансы полициясында, Мамлекеттик каттоо кызматында, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. 2021-жылы Ош шаардык кеңешине “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышып, депутат болгон. Ушул эле жылы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен келип Жогорку Кеңешке депутат болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Депутат Шаирбек Ташиев мандатын шайлоочулары гана ала аларын айттыБишкек мэриясы: Профсоюз көчөсү көрүстөн аркылуу салынса 1364 сөөк көчүрүлмөкHRW Казакстандын Конституциясынын жаңы долбоору боюнча кооптонуусун билдирдиУКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кеттиКонституциялык сот президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча маселени карай баштадыКазакстандын Эмгек министрлиги Burger King'деги окуя боюнча түшүндүрмө бердиБишкекте милиция кызматкерлери кылмышты жашырууга шектелип кармалышты“Баткен таңы” гезитинин редакциясына таандык имарат мамлекетке кайтарылды