Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-18-февраль күндөрү тоолуу жолдордо, ашууларда кар көчкү жүрүү коркунучу бар экенин эскертүүдө. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
18-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 19…21° жылуу болот.