Орусиянын армиясы Украинага ракета жана дрон менен жапырт сокку урду

Одессадагы орус армиясынын соккусунун натыйжасында тутанган жалын менен күрөшүп жаткан өрт өчүрүүчүлөр. 17-февраль, 2026-жыл.

Украин жана орус делегациялары 17-февралда Женева шаарында АКШнын ортомчулугу менен өтө турган кезектеги тынчтык сүйлөшүүлөрүнө камынып жаткан учурда Москва Украинанын аймагына жүздөгөн дрондор жана ракеталар менен сокку урду.

Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдиргендей, Одесса шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине дрон тийген. Андан тышкары кампаларга жана автоунаа тейлөө станцияларына абадан сокку урулган. Нытайжада бир катар автоунаалар, имараттар талкаланган.

Одесса калаасынын башчысы Сергей Лысак билдиргендей, чабуулдан үч адам жабыркаган.

Орусиянын аскерлери Сумы облусунун Ахтырка районундагы Кириковка кыштагын да аткылаганы кабарланды. Бир адам каза болуп, алты киши жаракат алды, алардын экөө балдар. Бул тууралуу прокуратура билдирди.

24-февралда Орусиянын армиясы Украинага толук масштабдуу басып киргенине туура төрт жыл болот. Эл аралык уюмдардын эсебине караганда, эки тараптан тең эки миллионго жакын адамдын өмүрү кыйылды. Бул согуш дүйнөдөгү эң ири куралдуу кагылышуулардын бири болуп калды.

Женевадагы сүйлөшүүлөр АКШнын ортомчулугу менен өтүүдө. Орусия мурдагыдай эле катаал талаптарынан баш тарта элек. Анын ичинде Киевдин азыр да көзөмөлдөп турган Донбасс аймагындагы айрым жерлерден баш тартуу маселеси бар.

Украина болсо Вашингтон жана европалык өнөктөштөрүнөн келечектеги мүмкүн болуучу орус агрессиясынан коргой турган бекем коопсуздук кепилдиктерин талап кылууда.

Мурда өткөн сүйлөшүүлөр негизинен коопсуздуктун техникалык жана деталдык маселелерине арналган. Киев да, Москва да аларды жалпысынан оң маанайда өткөнүн билдиришкен.

Дагы караңыз

Бакуда сот жикчил Тоолуу Карабактын мурдагы башчысы Варданянды 20 жылга кестиЖакыр үй-бүлөлөрдөн "Социалдык келишим" түзүүгө арыз кабыл алуу башталдыУКМК мурдагы кызматкерлери кармалганын билдирди