Зеленский украиндер Донбасстын Орусияга берилишин эч качан кечирбей турганын билдирди

Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер тынчтык келишиминде бир тараптуу түрдө Донбасстан украин аскерлерин чыгарып, аймакты Орусияга берүү карала турган болсо, украиндер аны четке кагат деп эсептейт. Зеленский мындай пикирин Axios басылмасына курган маегинде билдирди.

"Эл муну эч качан кечирбейт. Эч качан. Алар мени кечирбейт, алар (АКШны) кечирбейт," - деген Зеленский украиндер кошумча жерлерди бошотууну талап кылып жатканы түшүнө да кирбей турганын кошумчалады.

"Бул биздин өлкөнүн бир бөлүгү - жарандар, туу, жер", - деди ал.

Зеленскийдин маеги Женевада Украина менен Орусиянын өкүлдөрү АКШнын ортомчулугу алдында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурда жазылды. Сүйлөшүүлөрдөгү негизги тоскоолдук Донбасска көзөмөл маселеси болууда.

Axios басылмасы АКШ президенти Дональд Трамп акыркы күндөрү эки ирет Зеленский чегинүүгө баруусу тийиштигин ишара кылганын жазды. Украин лидери Трамптын сөзүн комментарийлеп "Бул анын чечими эмес, тактикасы деп үмүттөнөм", -деди.

Ошол эле учурда украин президенти Ак үйгө тынчтык келишимине жетүү аракети үчүн ыраазычылык билдирип, АКШ президентинин өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен сүйлөшүүлөрдө басым болбогонун айтты.Ал өзүн басымга багына калчу "адамдардан эмес" экенин кошумчалады.

37 мүнөткө созулган маегинде Владимир Зеленский Вашингтон менен Киев болочок келишимдердин баарын жалпы улуттук референдумга чыгарууну макулдашканын эске алган. Эгерде бул келишим украин аскерлерин эгемендүүлүктөн жана ал жерде жашаган украин жарандарынан баш тартып, чыгарып кетүүнү талап кылса, анда Зеленскийдин айтымында, мындай келишим четке кагылат.

Көп өтпөй Axios өз булактарына шилтеме берип, 17-февралда Женевада өткөн сүйлөшүүлөрдө Путиндин жардамчысы Мединский жетектеген саясий топ "туңгуюкка кептелгенин", ал эми аскердик топ "ийгиликке жетишүүнү улантканын" билдирген. Булактардын маалыматы боюнча, орусиялык делегация Украина президентинин акыркы билдирүүлөрүнө нааразы болуп, Зеленский олуттуу сүйлөшүү жүргүзбөй жатканын, тескерисинче, шайлоо алдында өзүнүн рейтингин жогорулатууга аракет кылып жатканын айтышкан. Сүйлөшүүлөр шаршемби күнү уланат.

Сүйлөшүүлөрдүн мурунку айлампасы 4-5-февралда Абу-Дабиде болуп, тараптар аны конструктивдүү деп сыпатташкан. Жыйынтыгында Орусия менен Украина "157ге 157" форматында согуш туткундарын алмашкан.

Дагы караңыз

Вебкам иши: Даниел Ажиев президенттин ырайымы менен абактан чыктыАКШ: Абактагы Бекжандын иши, трак-компания жабылды "Кытай технологиясы Тегеранга бийликке каршы нааразылыкты басууга жардам берди" Конституциялык сот: 2027-жылы президенттик шайлоо өтөт, Жапаровдун бийликтеги биринчи мөөнөтү бүтөтЖеневада Украинадагы согушту жөнгө салууга багытталган сүйлөшүүлөр башталды