№13 округдан шайланып келгендерге мандат ыйгарылды

Борбордук шайлоо комиссиясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 18-февралдагы отурумунда №13 шайлоо округунан 30-ноябрдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо арбын добуш алган үч талапкерге: Талант Мамытовго, Айбек Алтынбековго жана Айгүл Карабековага депутаттык мандат берүүнү чечти.

13-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо №13 округдагы жыйынтыкты өзгөртүп, сөз болуп жаткан үч талапкерди жеңүүчү деп тапкан.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. №13 округдагы мыйзам бузууларга байланыштуу БШК андагы добуш берүүнүн жыйынтыгын 3-декабрда жокко чыгарган. Бул аймактагы 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы ачыкка чыккан. Мындан соң кайра шайлоо жарыяланып, добуш берүү 1-мартка белгиленген. Ал үчүн 25 талапкер каттоодон өтүп, үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан. БШК талапкерлерге күрөөгө коюлган 300 миң сомдон акчасы кайтарылып берилерин билдирген.

Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштап, ушул тапта парламентте 87 депутат бар. (ZKo)

Дагы караңыз

Жакыпбековдун жакын адамы экени айтылган Дүйшөмбиев эки айга камалдыВебкам иши: Даниел Ажиев президенттин ырайымы менен абактан чыктыАКШ: Абактагы Бекжандын иши, трак-компания жабылды "Кытай технологиясы Тегеранга бийликке каршы нааразылыкты басууга жардам берди" Конституциялык сот: 2027-жылы президенттик шайлоо өтөт, Жапаровдун бийликтеги биринчи мөөнөтү бүтөт