Сулаймановдун ордуна депутаттык мандат Абдуллаевге тийди

Элдар Сулайманов

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 18-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттыгынан баш тарткан Элдар Сулаймановдун мандатын №5 округдан кийинки талапкер Азизбек Абдуллаевге берүү чечимин кабыл алды.

Боршайком 17-февралдагы отурумунда Элдар Сулаймановду өзү жазган арызынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыраткан. Арыз жазуу себеби ачыкталган эмес.

Мындан бир ай мурда экс-депутаттын мурдагы жубайымын деген Асел Азаматова күйөөсүнөн зордук-зомбулук көргөнүн социалдык тармакка жазып чыккан. Окуя резонанс жаратып, Ички иштер министрлиги (ИИМ) келинге коргоо ордерин берген. Экс-депутат коюлган дооматтарды четке каккан.

Элдар Сулайманов 40 жашта. Ал 2025-жылдын ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо №5 округдан шайланып келген.

Ал Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун уулу. Эмгек жолун “Электр станциялар” ишканасынан баштап, кийин Финансы полициясында, Мамлекеттик каттоо кызматында, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. 2021-жылы Ош шаардык кеңешине “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышып, депутат болгон. Ушул эле жылы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен келип Жогорку Кеңешке депутат болгон. (ZKo)

Дагы караңыз

Зеленский украиндер Донбасстын Орусияга берилишин эч качан кечирбей турганын билдирдиЖакыпбековдун жакын адамы экени айтылган Дүйшөмбиев эки айга камалдыВебкам иши: Даниел Ажиев президенттин ырайымы менен абактан чыктыКонституциялык сот: 2027-жылы президенттик шайлоо өтөт, Жапаровдун бийликтеги биринчи мөөнөтү бүтөт