Жогорку Кеңешке Акаевдин ордуна Сарыбашов депутат болуп келди

Таалайбек Сарыбашов.

Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалып, мандатын тапшыргандыктан анын ордуна Таалайбек Сарыбашов Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 19-февралдагы отурумунда бош мандатты Сарыбашовго өткөрүп берүү чечимин кабыл алып, ал парламентте ант берди.

2025-жылдын ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо №8 округдан Жанарбек Акаев, Улан Примов жана Нуржамал Төрөбекова жеңип келген. Таалайбек Сарыбашов 8796 добуш алып, эркектердин арасынан үчүнчү орунду алган.

55 жаштагы Таалайбек Сарыбашов Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында төрөлгөн. 2018-2021-жылдары Ош шаарынын мэри болуп иштеген. 2021-жылы Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп, тез эле кызматтан кеткен. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырдыКулубаев санкцияларга байланыштуу Кыргызстан милдеттенмелерин так аткарып жатканын айттыУКМК козгогон иштерин атайын комиссия иликтей албай турганын билдирдиЖумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасы болуп дайындалдыУКМК өспүрүмдөрдүн интернет аркылуу радикалдашуусун алдын алууга чакырдыОштун жаңы мэри Акаев президент "таза иште" деп талап койгонун айттыБашкы прокуратура ишкерлерди мыйзамсыз текшергендер жазаланарын билдирдиПарламентте эки депутаттык топтун лидерлери алмашты