Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Кулубаев санкцияларга байланыштуу Кыргызстан милдеттенмелерин так аткарып жатканын айтты

Жээнбек Кулубаев жана Европа парламентинин депутаттары.
Жээнбек Кулубаев жана Европа парламентинин депутаттары.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа парламентинин депутаттары менен жолугушууда экинчи даражадагы санкциялар боюнча Кыргызстандын позициясын айтып, расмий Бишкек эл аралык милдеттенмелерин так аткарып жатканын айтты.

Жолугушууда андан тышкары “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жана “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жол долбоору сыяктуу инвестициялык демилгелер тууралуу да маалымат берди.

Жээнбек Кулубаев 11-февралда Берлин шаарында Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефул менен жолугушууда да Евробиримдиктин Кыргызстанга санкция салуусуна негиз жок экенин билдирген.

Евробиримдик Орусиянын Украинага согуш ачканына каршы санкциялардын 20-пакетинде Кыргызстанга чара көрүү сунушун да киргизген. Документтин долбооруна караганда, Кыргызстанга компьютерлердин санарип башкаруу (CNC) станокторун жана радиоэлектрондук жабдууларды сатууга тыюу салынышы ыктымал. Бул санкциялар менен Кыргызстанга алгачкы жолу товар сатууга бөгөт коюлганы турат. Брюссел өлкөгө импорттолгон кош максатта колдонулчу айрым товарлар санкцияларды буйтап өтүп, Орусияга реэкспорттолушу мүмкүн деп кооптонот.

Евробиримдик мындан тышкары Кыргызстандагы “Керемет Банк”, “Капитал Банк” банктарын жана “ТенгриКоин” компаниясын да “кара тизмеге” киргизүү сунушун берген. Аталган банктарга "криптоактивдер жана төлөм системалар жаатында кызмат көрсөтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон" деген кине коюлган.

“ТенгриКоин” жабык акционердик коому Meer платформасы аркылуу А7А5 стейблкоинин сатууга активдүү катышканы, Орусиянын мамлекеттик “Промсвязбанкы”, А7 жана “Старый вектор” компаниялары менен кызматташканы айтылган.

АКШ, Европа өлкөлөрү баштаган ири мамлекеттер даректүү чечимдер аркылуу Кыргызстандагы 25тен ашуун компанияга санкция салган. “Керемет Банкка”, “Капитал Банкка” буга чейин Орусия менен күмөндүү схемаларга катышкан деген негизде АКШ жана Улуу Британия да санкция жарыялаган болчу.

Президент Садыр Жапаров 2025-жылы сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган. Кыргыз бийлиги Орусияга каршы салынган санкцияларды кыйгап өтүү боюнча кыргызстандык банктар менен компанияларга коюлган дооматтарды четке кагып келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG