Ош шаарына Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды. Бул тууралуу Ынтымак Ордодон билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-февралда Акаев Ош шаар бийлигинин жамаатына тааныштырылат.
Оштун мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев 18-февралда өз арызынын негизинде кызматтан алынган.
Жанарбек Акаев 39 жашта. Ал Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн. 2008-2015-жылдары "Азаттык" радиосунун Ош, Бишкек, Прага кеңселеринде журналист, Азаттык+ жаштар программасынын, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу болуп эмгектенген. 2015-жылы алты айга чукул президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысынын кызматын аркалаган.
2015-жылы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. 2021-жылы «Альянс» партиясын жетектеп, эл өкүлү болуп шайланган.
2025-жылкы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу 8-округдан жеңип чыккан.
Жанарбек Акаев үй-бүлөлүү. Эки уул, бир кыздын атасы.
Шерине