Чувашиянын жетекчиси Олег Николаев шаршембиде эртең менен украиналык пилотсуз учактар Чебоксары шаарына чабуул койгонун билдирди.
Анын айтымында, эки жолу удаа-удаа сокку урулган. Бирөө “ВНИИР-Прогресс" заводу орун алган калаанын Новоюжный районуна туура келгенин айткан Николаев жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин, бир нече машина зыян тартканын кошумчалады.
Жергиликтүү тургундар шаар четинде жарылуулардын добушу угулуп, асманга коюу кара түтүн көтөрүлгөнүн Shot Телеграм-каналына айтып беришти.
Росавиация Чебоксарыдагы аэропортту дээрлик төрт саатка жаап, кайра ачты. "Чувашия без цензуры" каналынын маалыматына ылайык, калаага төрт дрон менен чабуул коюлганда бир киши жарадар болду.
Украиналык Supernova мониторинг Телеграм-каналы украин армиясынын учкучсуз учактары “ВНИИР-Прогресс" ишканасынын жанындагы энергетикалык жайга тийгенин жазды. Ал жер былтыр декабрда да бутага алынган.
“ВНИИР-Прогресс" радиоэлектрондук өнүмдү, анын ичинде армия колдонгон антенналарды жана "Калибр", "Искандер" ракеталары үчүн спутник сигналдарын кабыл алган жабдыктарды чыгарат.
Украиналык куралдуу күчтөр былтыркы жайда, ноябрь жана декабрда ал ишкананы аткылаган. Биринчи соккудан кийин завод ишин убактылуу токтоткон.
Орусиянын баскынчылыгына дуушар болгон Украина коргонуу максатында ал жактын согуштук машинасын камсыздаган жайларды бутага алып келет.
Шерине