Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:24

Жарандарга кыймылсыз мүлкү боюнча маалыматтарын текшерүүсү эскертилди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы салык салынуучу кыймылсыз мүлкү бар жарандарга мүлкү тууралуу документтердеги маалыматтарды мамлекеттик каттоо органдарынын маалыматтары менен салыштырып чыгышы керектигин эскертти.

Бул эскертүү мекеме, ишканаларга да тиешелүү.

Мындай салыштыруу быйылтан тарта кыймылсыз мүлк салыгын эсептөөнү автоматтык түрдө жүргүзүүгө даярдык болот.

Ага ылайык, жарандар жана юридикалык тараптар Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин системасындагы маалыматтары менен өз мүлкүнүн маалыматтарын алдын ала салыштырып текшерүүсү керек. Алар:

-мүлк ээсинин жеке идентификациялык номери;
-юридикалык жактын аталышы, фамилиясы, аты, атасынын аты;
-мүлк объекттеринин жана жер тилкелеринин аянты;
-объекттерди дайындоо;
-ээлик үлүштөрү;
-сатып алуу же ээликтен ажыратуу датасы;
-башка маалыматтар.

Кыймылсыз мүлк салыгы жылына бир ирет алынат.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG