Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:36

Президент ишкерлерди ыксыз текшергендер жазаланарын эскертти

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүн ишкерлерге басым-кысым кылбоого чакырып, ошол эле учурда бизнесмендерди да салыктарын жаап-жашырбай таза иштөөгө үндөдү. Бул тууралуу мамлекет башчы 18-февралда “Ала-Арча” жаратылыш паркында гондоль тибиндеги асма жолдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Садыр Жапаров мамлекет ички жана тышкы инвесторлор менен иштешүүгө кызыкдар экенин, инвестиция салам деген ишкерлерге шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.

“Бүгүнкү иш-чарада күч түзүмдөрүн да эскерте кетейин. Мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ишкерлерди дайны жок эле кысымга албагыла, кокус кандайдыр бир кысым-басымдын четин угуп калсам, капа болбогула”, - деди президент.

“Ала-Арчадагы” жаңы ишке берилген асма жолдун узундугу 1 чакырымды түзөт. Саатына миңге жакын адамды тоонун чокусуна жеткире алат. Президент асма жолду 12 чакырымга чейин узартуу планы бар экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров буга чейин ишкерлер укук коргоо органдарынан тартып салык жана башка көзөмөлдөөчү мекемелердин текшерүүсүнөн тышкары жергиликтүү бийлик, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ашыкча текшерүүлөрүнө кабылып жатканын белгилеп, жергиликтүү бийлик ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткен фактылар бар экенин айткан. Ушундан улам ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизилген.

Кыргызстанда айрым бизнесмендер соңку жылдары укук коргоо органдарынын ар кандай текшерүүлөрүнөн жапа чегип жатканын айтып келишет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG