Санариптештирүүнүн алкагында Жогорку Кеңештин 90 депутатына планшеттер алынат. Бул тууралуу парламенттин 18-февралдагы жыйынында спикер Марлен Маматалиев айтты.
Ал президент Садыр Жапаров менен жолугуп, алдыңкы беш жылда Жогорку Кеңеште жасала турган иштер, реформалар боюнча маалымат бергенин билдирди. Спикер өкмөттө жана президенттин администрациясында санариптештирүүнүн алкагында чечимдерди кабыл алуу тездеп, 1 млрд 205 млн сом үнөмдөлгөнүн кошумчалады.
“90 планшет алуу боюнча тапшырма берилди. Эми жума күндөрү материалдар (ред: мыйзам долбоорлору, документтер) сиздерге салынып турат. Анда төрт папка болот. Жалпы жыйындар, комитеттердин отуруму, депутаттык топтордун жыйыны жана ар кандай маселелер деген бөлүмдөр болот. Бул жакшы натыйжа берет”, - деди ал.
Марлен Маматалиев бул кагазга кеткен чыгымды азайтып, иштин тездешине жардам берерин айтты.
Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштаган. 12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырып, анын ордуна Марлен Маматалиев шайланган. (BTo)
Шерине