Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:00

Сулаймановдун ордуна депутаттык мандат Абдуллаевге тийди

Элдар Сулайманов
Элдар Сулайманов

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 18-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттыгынан баш тарткан Элдар Сулаймановдун мандатын №5 округдан кийинки талапкер Азизбек Абдуллаевге берүү чечимин кабыл алды.

Боршайком 17-февралдагы отурумунда Элдар Сулаймановду өзү жазган арызынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыраткан. Арыз жазуу себеби ачыкталган эмес.

Мындан бир ай мурда экс-депутаттын мурдагы жубайымын деген Асел Азаматова күйөөсүнөн зордук-зомбулук көргөнүн социалдык тармакка жазып чыккан. Окуя резонанс жаратып, Ички иштер министрлиги (ИИМ) келинге коргоо ордерин берген. Экс-депутат коюлган дооматтарды четке каккан.

Элдар Сулайманов 40 жашта. Ал 2025-жылдын ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо №5 округдан шайланып келген.

Ал Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун уулу. Эмгек жолун “Электр станциялар” ишканасынан баштап, кийин Финансы полициясында, Мамлекеттик каттоо кызматында, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. 2021-жылы Ош шаардык кеңешине “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышып, депутат болгон. Ушул эле жылы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен келип Жогорку Кеңешке депутат болгон. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG