Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаада жасалып жаткан иштер, кызматтан кетери тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматтарга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Ал “эч ким кызматтан кет” деп айтпаганын, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тескерисинче 2026-жылы буга чейин башталган иштерди аягына чыгаруу тапшырмасын бергенин жана Ошто мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу токтулганын кошумчалады.
“Бизде “снос” токтоду. Буга чейин буздурулган объекттердин баарын бүтүрөбүз. Быйыл дээрлик “снос” болбойт”, - деди ал.
Бирок ошол эле кезде мектептердин айланасындагы мыйзамсыз коммерциялык жайлар буздуруларын билдирди.
Жеңишбек Токторбаев “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болуп шайланган. 2025-жылдын башында Ошко мэр болуп дайындалган. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын адамдарынын бири.
Ал Ошко мэр болуп баргандан бери “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген турак жайлар, дубалдар жана башка курулуштар бузулуп жатат. Бул иш жарандардын, ишкерлердин нааразылыгы менен коштолуп келет.
Адылбек Касымалиев 17-февралда Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышып, ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотуу талабын койгон. (NKu)
Шерине