Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

Өзбекстанда Орусия тарапта согушка катышкан дагы бир киши кесилди

Фергана облусунун Риштан райондук соту «жалданмачылык» беренеси менен айыпталып жаткан кишинин ишин карады.

Өзбек медиасы жазгандай, ал 2023-жылы Орусиянын Воронеж шаарына барып, азык-түлүк курьери болуп орношкон. Психотроптук заттарды мыйзамсыз ташыган деген кине менен кармалып, сот аны 6,5 жылга кескен.

Жазасын өтөп жатканда Коргоо министрлигинин өкүлдөрүбүз деген кишилер Орусиянын Украинага каршы согушуна барууга каалагандардын тизмесин түзүп жатканын айтышкан.

Маалыматка караганда, ыктыярчыларга 1 млн 200 миң рубль, орус жарандыгын жана калган жаза мөөнөтүнөн бошотууну убада кылышкан.

Соттолгон киши ага колонияда жүргөндө сегиз жолу ушундай сунуш түшкөнүн айткан. Былтыр жайында ал макул болуп, Луганск облусундагы оккупацияланган жерде даярдыктан өткөндөн кийин Украинага каршы согушка жөнөгөн. Өткөн октябрда жарадар болгондон кийин Өзбекстанга кайтып барган. Мекенинде ички иштер бөлүмүнө барып колго түшкөн.

Сот аны «жалданмачылык» беренеси менен айыптуу деп таап, үч жылга абакка кести.

Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору өткөн жылы миңдеген борбор азиялык орус армиясынын катарында согушуп жүргөнүн билдирген.

Алардын маалыматына караганда, согушка азгырылган, туткунга түшкөн жана майданда каза тапкан чет өлкөлүктөрдүн сап башында Өзбекстандын жарандары турат.

Долбоор былтыр октябрда Өзбекстандын кеминде 2 715 жараны Украинага каршы согушканын же согушуп жүргөнүн аныктаган.

Алардын эсебинде, 2023-жылы Орусия тарапта 498 өзбекстандык, ал эми 2025-жылдын алгачкы алты айында дээрлик 1300 адам согушкан.

Аймактын калган өлкөлөрүндөй эле өзбек бийлиги согушта бейтарап позицияны ээлегинин айтып, Москваны түз сындоодон качат.

UzNews Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына шилтеме менен 2022-жылдан бери өлкөдө чет жактардагы куралдуу жаңжалдарга жалдануу беренеси менен 338 кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Мекеме ал адамдардын диний-экстремисттик жана эл аралык террордук уюмдарга кошулганын же чет өлкөлүк аскердик түзүмдөргө жалданганын аныктаган. Кайсы жаңжалдар тууралуу кеп болгону белгисиз.

Борбор Азиянын жарандарына басым көргөзүп, миграциялык, башка мыйзамдарды бузганын айтып, күчкө салып согушка жөнөткөн учурлар көп катталат.


Шерине

XS
SM
MD
LG