Министрлик ТикТок боюнча чечимди кайра карап чыгууну сунуштоодо

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев ТикТок социалдык тармагын өлкө аймагында бөгөттөө боюнча чечимди кайрадан карап чыгуу зарылчылыгын билдирди. Ал бул тууралуу аталган министрликтин жыйынында 19-февралда айтты.

Тагаев Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жоюлганын жана министрликтин өзүндө маалыматтык платформалар жана соцтармактар менен иштеген орган жоктугун белгиледи.

"Кыргызстанда ТикТок бөгөттөлгөнүнө карабай биздин жаштар жана башка жарандар негизинен бул соцтармакты VPN аркылуу кирип, пайдаланып жатышат. Биз министрликтин ТикТок соцтармагынын бөгөттөлүшүн алып салуу сунушун карап көрүүнү суранабыз", - деди министрдин орун басары.

Марат Тагаев ошондой эле аталган соцтармакты жабуу жаштардын аудиториясына, ТикТокту ишкерлигин өнүктүрүү үчүн колдонуп келген креативдүү индустрия жана чакан бизнестин өкүлдөрүнө терс таасирин тийгизгенин белгиледи.

Кыргызстанда ТикТок социалдык тармагына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиг тыюу салган. 2024-жылы апрелде Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы интернет провайдерлерге ТикТок платформасын бөгөттөөнү тапшырган. Андан бери аталган соцтармакка пайдалануучулар VPN аркылуу кирип келишет. (ZKo)

Дагы караңыз

УКМК козгогон иштерин атайын комиссия иликтей албай турганын билдирдиЖогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырдыКулубаев санкцияларга байланыштуу Кыргызстан милдеттенмелерин так аткарып жатканын айттыСнос, пиар, сөгүш. Оштун мэри Жеңиш Токторбаев кызматтан алындыЖогорку окуу жайга өтүү үчүн тестирлөөнүн төмөнкү баллы быйыл да 110 бойдон калды