Американын Калифорния штатындагы Тахо көлүнүн аймагында кар көчкү түшүп, атайын трассалардан башка жактарда чаңгы (лыжа) тээп жүргөн тогуз адам каза болду.
Адегенде алар дайынсыз жоголгону кабарланган. Кийинчерээк штаттын полициясы сегиз кишинин сөөгү табылганын билдирди. Топтун дагы бир мүчөсү азырынча табыла элек, бирок укук коргоо органдары аны да каза болду деп эсептешүүдө.
Кар көчкү тууралуу маалымат 17-февралда саат 11:30 чамасында (Тынч океан убактысы боюнча) түшкөн. Окуя Касл-Пик тоосунда, Траки шаарына жакын жерде болгон.
Калифорниядагы Blackbird Mountain Guides компаниясы билдиргендей, 11 лыжачы жана төрт гид 15-февралдан бери Фрог көлүнүн жанындагы чакан үйлөрдө жашап жаткан.
Аймакта кар көчкү коркунучу тууралуу расмий эскертилген.
Невада округунун шериф кеңсесинин маалыматына ылайык, кар көчкү болгон аймакта калган 11 адамдын алтоо шейшемби күнү куткарылган. Алардын экөө ооруканага жеткирилген.
Невада округунун шерифи Шэннан Мун бул окуя акыркы бир нече жылдагы эң оор кырсыктардын бири болгонун билдирди.