Жакынкы жылдары Кытай Казакстанда кайра жаралуучу энергия тармагында үч ири долбоорду ишке ашырат.
Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Сунгат Есимханов билдиргенин Ulysmedia басылмасы жазды. Анын айтуусунда, эки шамал электр станциясы жана бир күн электр станциясы курулат.
Есимханов долбоорлор Павлодар, Караганда жана Түркстан облусунда ишке ашырыларын кошумчалады.
«Негизги инвестор кытай тарап. Бирок Казакстан да долбоорлорго катышат. Ар биринде ата мекендик өнөктөштөрдүн үлүшү 25–30 пайызды түзөт», - деди министрдин орун басары.
Анын айтымында, күн электр станциясынын курулушу өткөн жылдын декабрь айында башталган. Аны 2027-жылдын биринчи чейрегинде аяктоо пландалууда. Ал эми эки шамал станциясы даярдык баскычында турат жана алардын курулушу жакынкы эки-үч жыл ичинде башталмакчы.
Үч объект боюнча кытай инвестициясынын жалпы көлөмү 2,2 миллиард долларды түзөт.
Кытай компаниялары буга чейин эле Казакстандын кайра жаралуучу энергия тармагына аралашып келген. Өлкөдө кайра жаралуучу энергиянын 162 объектиси иштеп жатат жана бул сектордо кытай капиталынын үлүшү сезилерлик.
Буга чейин Казакстандын бийлиги Кытай өлкөдө экинчи атомдук электр станциясын курушу мүмкүн экенин билдирген. Биринчи атомдук станцияны Орусиянын катышуусунда ишке ашыруу пландалууда.
Эксперттер белгилешкендей, «жашыл» энергетиканы өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бардыгына карабастан, Казакстан көмүргө негизделген генерацияга дагы эле көз каранды.
Шерине