Украина Паралимпиаданын ачылыш аземин бойкоттойт

Милан шаарында Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын логотибинин жанынан өтүп бара жаткандар.

Украинанын Улуттук паралимпиада комитети быйылкы Паралимпиаданын ачылыш аземин бойкот кыларын жарыялады. Мындай чечим орус жана беларус атлеттерине өз мамлекетинин желеги алдында катышууга уруксат берилишине байланыштуу кабыл алынган. Комитет ошондой эле иш-чара учурунда украин желегин колдонбоону талап кылды.

Буга чейин Эл аралык паралимпиада комитети (МПК) AFP агенттигине Паралимпиадага катышууга уруксат берилген орусиялык жана беларус спортчуларына өз өлкөсүнүн желегин колдонсо болорун ырастаган.

Жалпысынан бул оюндарга алты орусиялык жана төрт беларус спортчу чакыруу алган.

Украинанын Улуттук паралимпиада комитети муну кескин сынга алды.

Буга чейин Украинанын спорт министри Матвей Бидный спортчулар мелдештерге катышарын, бирок өлкөнүн расмий өкүлдөрү ачылыш аземине жана оюндардын башка иш-чараларына барбай турганын айткан.

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига да Эл аралык паралимпиада комитетинин чечимин сынга алды. Анын айтымында, улуттук символдорду колдонууга уруксат берүү агрессия жүргүзүп жаткан режимдердин символдорун мыйзамдаштыруу дегенди билдирет.

Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни жана спорт министри Андреа Абоди биргелешкен билдирүү жасап, өкмөт Эл аралык паралимпиада комитетинин чечимине “такыр макул эмес” экенин билдиришти.

Еврокомиссиянын спорт боюнча комиссары Гленн Микаллеф бул кадамды “кабыл алынгыс” деп атады жана 6-мартта Веронада өтө турган ачылыш аземга катышпай турганын айтты.

Кышкы Паралимпиада оюндары Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында 6–15-март күндөрү өтөт.

Дагы караңыз

УКМКнын төрагасы “кол тийгис адамдар болбойт” деп билдирди"Бакиевдин Испаниядагы мүлкүн кайтарууга жардам берүүдө". Ширшов Кыргызстандын атынан сүйлөшүүгө эмнеге катышты?Reuters: Европанын чалгын кызматтары быйыл Украинада согуш токторуна ишенбейтБишкек: Машина жууган жайлар суусун кайра тазалоого милдеттүү болот