Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Reuters: Европанын чалгын кызматтары быйыл Украинада согуш токторуна ишенбейт

Украинанын Донецк облусунун Константиновка шаары. Дронго каршы аскердик бөлүктүн жоокерлери. 8-январь, 2026-жыл.
Украинанын Донецк облусунун Константиновка шаары. Дронго каршы аскердик бөлүктүн жоокерлери. 8-январь, 2026-жыл.

Reuters агенттиги Европанын беш чалгын кызматынын жетекчисине таянып, 2026-жылы Украинадагы согушту токтотуу боюнча келишимге жетишүү мүмкүнчүлүгү өтө төмөн экенин жазды.

Агенттик менен сүйлөшкөндөрдүн баары Кремль согушту тез бүтүрүүгө кызыкдар эмес деген пикирде.

Алардын төртөө Москва АКШ менен сүйлөшүүлөрдү санкцияларды жеңилдетүү жана соода келишимдерине жетишүү үчүн басым куралы катары колдонуп жатканын белгилешкен.

Булактардын биринин айтымында, Кремль өз максаттарына жетүүгө аракеттенүүдө. Анын ичинде Украинанын президенти Владимир Зеленскийди бийликтен четтетүү жана Украинаны Орусия менен Батыштын ортосундагы нейтралдуу “буфердик зонага” айлантууну көздөйт.

Дагы бир булактын айтымында, Орусия тынчтыктын тез арада орношуна кызыкдар эмес, өлкө экономикасы да өтө деле начар абалда эмес.

Эки булак Кремль сүйлөшүүлөрдү эки багытка бөлүүгө аракет кылып жатканын билдирген. Биринчиси согушту токтотуу, экинчиси Москва менен Вашингтондун ортосундагы эки тараптуу келишимдер, анын ичинде санкцияларды алып салуу маселеси.

Жакында Женевада Орусия, Украина жана АКШ ортосундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы аяктады. Сүйлөшүүлөр эки күнгө созулуп, саясий жана аскердик бөлүккө бөлүнгөн. Орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский талкууну "оор, бирок мазмундуу" деп мүнөздөдү. Ал эми Зеленский аскердик багытта жылыш бардыгын, бирок саясий маселелер ошол бойдон экенин айтты.

Зеленский мурда АКШ быйыл июнга чейин тынчтык келишимине жетишүүнү көздөп жатканын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG