АКШнын президенти Дональд Трамптын айтымында, «Тынчтык кеңешинин» алкагында Газаны калыбына келтирүүгө 7 млрд доллардан көп каражат түштү. Америкалык лидер салым кошкон мамлекеттердин арасында Казакстан менен Өзбекстанды да атады.
Вашингтондогу жыйында сүйлөгөн учурда казак мамлекет башчысы Токаев анын өлкөсү Газаны калыбына келтирүү иштерине кандай жардам бере аларына токтолду:
«Биринчи кадам катары биз түздөн-түз «Тынчтык кеңешине» кечиктирбестен ири өлчөмдөгү акча берүүгө даярбыз…Казакстан Эл аралык турукташтыруу күчтөрүн колдоп, аскерлерди, анын ичинде дарыгер топторду, Жарандык-аскердик координация борборуна байкоочуларын жөнөтүүгө даяр».
"Тынчтык кеңешинин" жыйыны. Вашингтон, 19-февраль 2026-жыл
Токаев ошондой эле Астана азык-түлүк жагынан гуманитардык жардам, окуу стипендияларын бөлүп берүүгө даяр экенин кошумчалады.
Ал канча аскер жана качан жөнөтүлөрүн тактаган жок.
Ал эми президенттин кеңсеси анын сөзүн чыгарганда аскерлер тууралуу маалымат жок болуп чыкты.
Azattyk Media жазганына караганда, Казакстандын мыйзамдары боюнча «тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу үчүн» өлкөнүн куралдуу күчтөрүн колдонуу сунушун президент парламентке киргизүүгө тийиш.
Маселе кош палатанын жыйынында каралып, кийин Коргоо министрлиги бейпилдик операциясына даярдануу планын иштеп чыгышы, тышкы саясий мекеме улуттук контингенттин миссияга катышуусунун максатын негиздеп бериши керек.
Буга чейин Казакстандын Газага аскер жөнөтүү ыктымалдыгы тууралуу өкмөт жана парламент кабарлаган эмес.
Ошол эле маалда Эл аралык турукташтыруу күчтөрүнүн командачысы, америкалык генерал Жаспер Жефферс өз контингентин палестин анклавына жайгаштыруу милдеттенмесин алган өлкөлөрдүн арасында Индонезия, Косово, Марокко жана Албания менен катар Казакстанды да атады.
Генералдын айтымында, "Тынчтык кеңеши" тилкенин беш жерине 20 миң жоокер жайгаштырууну, узак мөөнөттүү перспективада дагы 12 миң полиция кызматкерин жөнөтүүнү пландап жатат.
Буга чейин Казакстан Улуттур уюмунун контингентинин курамында Жакынкы Чыгышка жана Африкага бир нече жүз аскерин жөнөткөн. Казакстандык аскерлер Голлан дөңсөөлөрүндөгү кайгуулга, Иракты минадан тазалоо иштерине катышкан, Батыш Сахара, Кот-д’Ивуар, Мали жана Борбордук Африка жумуриятына жана Ливанга байкоочулар менен штаб офицерлерин жиберген.
Кеңешке берилген акча
«Тынчтык кеңешин» түзүү демилгесин көтөргөн америкалык лидер Дональд Трамп анын алкагында Газаны калыбына келтирүүгө 7 млрд доллардан көп каражат түшкөнүн билдирди:
"Газа радикализмдин жана террордун очогу болбой калды. Буга чекит коюу үчүн Казакстан, Азербайжан, Бириккен Араб Эмираттары, Марокко, Бахрейн, Катар, Сауд Арабиясы, Өзбекстан жана Кувейт жардам берүү пакетине 7 млрд доллар салым кошконун кубануу менен жарыялап жатам. Бул абдан жакшы. Рахмат, достор".
Президенттин айтканына караганда, Кошмо Штаттар кеңешке 10 млрд доллар бөлүп берет. Улуттар Уюму Газаны колдоого эки млрд, ФИФА региондогу футбол долбоорлоруна 75 миллион доллар бермекчи.
Казакстандын бийлиги буга чейин тынчтык кеңешине эч кандай акы төлөбөстөн кошулганын билдирген.
Трамптын 7 млдр доллар тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу Акордо комментарий жасаган жок.
АКШнын президенти Дональд Трамп "Тынчтык кеңешинин" ачылышында. Вашингтон, 19-февраль 2026-жыл
Буга чейин «Тынчтык кеңешинде» туруктуу орунга ээ болууну каалагандар бир млрд доллар акы төлөшү керектиги тууралуу маалымат тараган. Атын атабаган америкалык аткаминер чогултулган каражат Газа тилкесин калыбына келтирүүгө жумшаларын айткан. Бирок Ак үй кийин бул кабарды төгүнгө чыгарган.
Ал эми Борбор Азиядан кеңешке чакырылган экинчи өлкөнүн - Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент Газа тилкесинде турак үйлөрдү, бала бакча, мектептер менен ооруканаларды курууга салым кошууга даяр деп айтты. Ал аймакка аскерлерди жөнөтүү пландары тууралуу сөз кылган жок.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Вашингтондогу кабарчысы Алекс Рауфоглу белгилегендей, Москва, Бээжин жана Брюссел ортосунда тең салмактуу саясат жүргүзүүнү эбак үйрөнгөн Өзбекстан менен Казакстан үчүн "Тынчтык кеңешине" кошулуу тобокелдиктер менен катар мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт.
"Тобокелдик бул структуранын БУУга атаандаш катары каралганында жатат. Америкалык президент Дональд Трамптын бул демилгесине Европанын басымдуусу чочулоо менен карайт", - деп жазат Рауфоглу.
Анын айтымында, Газаны калыбына келтирүүгө акча бөлүү же Казакстандай болуп Эл аралык турукташтыруу күчтөрүнө аскерлерин жөнөтүүгө убада кылуу менен Ташкент жана Астана прагматикалык максатты көздөйт. Эмне дегенде Вашингтон жеке кызыкчылыктарга негизделген лоялдуулукту БУУнун жай иштеген “көп тараптуулук” ыкмасынан жогору коет.
"Эки өлкө тең Орусиядан ашыкча көз каранды болуудан жана Кытайдын үстөмдүгүнөн кооптонгон чакта Вашингтон менен терең кызматташуу стратегиялык пайда алып келет. Ал инвестициялар, коопсуздук тармагындагы кызматташтык жана Ирандагы санкциялар менен Ооганстандагы бейстабилдүүлүк шартында саясий колдоо болушу мүмкүн", - деген ою менен бөлүшөт кабарчы.
Ак үй кеңешке кошулуу чакыруусун 50 чакты өлкөгө жолдогон. 35 лидер ага кызыгуусун билдирип, алгачкы жыйынга 20дан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышты.
«Тынчтык кеңеши» Газадагы кырдаалды жөнгө салууну көздөгөн түзүм катары сунуш кылынган. Ал былтыр октябрь айында жетишилген ок атышууну токтотуу келишиминен кийин тилкедеги убактылуу башкарууну көзөмөлдөөгө тийиш болчу.
Бирок кийин кеңештин төрагасы Трамп бул түзүм дүйнөдөгү башка жаңжалдарды да кароого ыйгарым укук алышы мүмкүн экенин билдирген.
АКШ президенти Вашингтондогу жыйында "Тынчтык кеңеши" БУУнун ордун алмаштырбай турганын белгиледи. Буга чейин сөз болгон платформа Ак үй колдогу потенциалын ишке ашыра албайт деп сындап жүргөн Улуттар Уюмуна атаандаш катары түзүлүп жатат деген чочулоолор айтылып келген.
Улуттар Уюму, Дүйнөлүк банк жана Евробиримдиктин эсебинде, Газа тилкесин толук калыбына келтирүү үчүн 70 млрд доллар талап кылынат.
Израилдин ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюмуна каршы эки жылга созулган согушунан кийин Газа палестин анклавы дээрлик бүт талкаланды.