Bloomberg: Кытай Орусияга дрон жеткирүүнүн башка жолун тапты

Bloomberg агенттигинин жазганына караганда, Кытай Орусияга учкучсуз учактарды жаңы каттам – Тайланд аркылуу экспорттоп жатат. Басылма Тайланддан Орусияга дрондордун экспорту 2022-жылдан бери кескин өскөнүнө көңүл буруп, бул Кытайдан Тайландга келген импорттун өсүшү менен түздөн-түз байланыштуу экенин жазды.

Агенттиктин булагы билдиргендей, бул тенденцияны украиналык аткаминерлер байкашкан.

Өткөн жылдын 11 айында Орусия Тайланддан 125 миллион долларлык учкучсуз учактарды импорттогон. Bloomberg белгилегендей, бул Тайланддын жалпы дрон экспортунун 88% түзөт жана 2024-жылдагы сатып алуулардын көлөмүнөн сегиз эсе көп.

Салыштырмалуу айтканда, 2022-жылы Тайланд 1 миллион долларга жетпеген суммада дрон экспорттогон жана алардын бири да Орусияга жөнөтүлгөн эмес.

2025-жылы Кытай Тайландга 186 миллион долларлык учкучсуз учактарды жеткирген.

Тайланддын Бажы департаментинин башкы директору кытайлык дрондордун экспорту мыйзам чегинде жүрүп жатканын, ал эми өлкөнүн мыйзамдары импорт учурунда дрондордун эмне максатта колдонуларын ачыктоону талап кылбай турганын билдирди.

Bloomberg белгилегендей, Батыш өлкөлөрү Бириккен Араб Эмираттары жана Казакстан аркылуу өтүүчү мурдагы каттамдарга чара көргөндөн кийин Тайланд негизги жеткирүү каналына айланды.

Дагы караңыз

Өрт чыккан Кардиохирургия институтунун имаратындагы оңдоо иштери аяктап калдыЧүйдө жана Бишкекте катуу шамалдан бак кулап, үйлөрдүн чатыры учтуСаламаттыкты сактоо министринин орун басары кармалды Саламаттык сактоо министринин орун басары Маткеримов кызматтан кетти