Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:47

Өрт чыккан Кардиохирургия институтунун имаратындагы оңдоо иштери аяктап калды

Адылбек Касымалиев оорукананы кыдырууда.
Адылбек Касымалиев оорукананы кыдырууда.

Бишкек шаарындагы Мирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун имаратындагы оңдоо иштери үч айдын ичинде бүтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-февралда медициналык мекемеге барганда белгилүү болду.

Касымалиев оорукананын учурдагы абалы, курулуш иштеринин жүрүшү, бейтаптар жана медициналык персонал үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Оңдоо-курулуш жана инженердик иштер мекеменин корпустарында, анын ичинде бейтапканада, операциялык блокто, нефрология бөлүмүнүн жертөлөсүндө, тамак-аш блогунда жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, нефрология, ревматология, терапия бөлүмдөрүндө оңдоо иштери аяктаган, электр, жылытуу системасы, өрт коопсуздугу жана видеокөзөмөл боюнча иштер аткарылып, төрт лифт орнотулган. Касымалиев ишти үч айдын ичинде толук аягына чыгарууну тапшырды.

Ушул эле күнү өкмөт башчы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтундагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул мекеменин имаратында былтыр февралда өрт чыккан.

Өкмөт билдиргендей, бул жердеги оңдоо иштери дээрлик аяктаган. Операциялык блоктун жана медициналык бөлмөлөрдүн толук иштеши үчүн зарыл болгон түтүн чыгаруу системасы, желдетүү жабдуулары, кычкылтек идиши, медициналык вакуумдук станция иштери бүткөн. Белгиленгендей, институтка 270 миллион сомго медициналык жабдуулар сатылып алынган.

Касымалиев бул имараттагы курулуш иштерин 1-мартка чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Саламаттык сактоо министрлиги 12-январда Кардиология жана терапия улуттук борборунун жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтун жетекчилерин жумуштан алган. Анда бейтаптарда ыкчам жардам көрсөтүүдөгү кемчиликтер жана тиешелүү шарттын жоктугу, коррупциялык көрүнүштөр белгиленген.

Шерине

XS
SM
MD
LG