Флоридада Трамптын резиденциясына кирип барган киши атып өлтүрүлдү

Президент Дональд Трамптын Флорида штатындагы Мар-а-Лаго резиденциясы.

АКШнын Флорида штатында президент Дональд Трамптын Мар-а-Лаго резиденциясына мыйзамсыз кирген деп шектелген адам атып өлтүрүлдү.

Жашыруун кызматынын билдирүүсүндө 20 жаштардагы киши түн ичинде Мар-а-Лагонун короосуна мылтык жана күйүүчү май куюлган идиш көтөрүп киргени айтылат.

Палм-Бич аймагынын шерифи Рик Брэдшоу маалымат жыйында билдиргендей, өзүнүн орун басары жана Жашыруун кызматтын эки агенти шектүүдөн мылтык менен канистрди таштоону талап кылган. Шектүү канистрди жерге коюп, мылтыкты атууга даярдаган учурда, агенттер ок чыгарышкан.

Маркумдун аты-жөнү анын үй-бүлөсүнө кабар берилмейинче ачыкталбайт. Анын резиденцияга кирүүсүнүн себеби азырынча белгисиз, окуяны Федералдык иликтөө бюросу иликтеп жатат.

The Guardian гезитинин тергөөчүлөргө шилтеме жасап жазганына караганда, маркум Түндүк Каролинанын тургуну, үй-бүлөсү анын бир нече күн мурун дайынсыз жоголгонун кабарлаган.

АКШнын президенти жана биринчи айым окуя болгон учурда Вашингтондо болушкан.

Дагы караңыз

Мэрия "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуштарды буза баштады Депутат Кундузбек Сулайманов мандатын тапшыруу боюнча арыз жаздыЫсык-Көлдүн тездик менен тартылышына эмне себеп?"Ксенофобияга кабылгандар көп". Орусиядагы мигранттар көйгөйү