АКШ хоккейден Олимпиада чемпиону болду

АКШ хоккейден Олимпиада чемпиону болду

Италияда өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарынын соңку күнү хоккей менен жыйынтыкталды. АКШ курама командасы соңку 46 жыл ичинде Олимпиада финалында биринчи жолу Канаданы утуп, чемпион болду.

Финалдык беттеш Миландагы Milano Santagiulia аренасында өтүп, негизги убакыт 1:1 эсеби менен жыйынтыкталды. Кошумча берилген убакытта америкалык хоккейчилер 2:1 эсебинде жеңди. АКШ менен Канада Олимпиада финалында төртүнчү ирет беттешти. Америкалык хоккейчилер Олимпиада мелдешин 1960-жылы жана 1980-жылы уткан.

Ал эми коло федалды Финляндия курама командасы утуп алды. Алар Словакия менен беттешип, 6-1 эсебинде жеңишке жетти.

Жекшембиде Италияда өткөн XXV Кышкы оюндар жыйынтыкталды. Медалдар саны боюнча Норвегия, АКШ, Нидерланддар биринчи үчтүктү ээледи. Үй ээси болгон Италия төрүнчү орунга чыкты.

Кышкы Олимпиада оюндары Италиянын Милан жана Кортина-д Ампеццо шаарларында 6-22-февраль аралыгында өттү. Ага кыргызстандык эки спортчу катышты. Тимур Шакиров тоо лыжасынын гигант слалом түрү боюнча жарышта 62-орунду ээледи. Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда чыгып, 94 лыжачынын ичинен 94-орунду алган. Ал эми 13-февралда эркин стилдеги жарышта он чакырымдык аралыкка 113-спортчунун ичинен 103-орунда келген. (AbA)

Дагы караңыз

Флоридада Трамптын резиденциясына кирип барган киши атып өлтүрүлдүАлмасбек Абытов Жогорку Кеңештин аппаратын жетектейтБШК Кундузбек Сулаймановдун депутаттык мандатын алдыМэрия "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуштарды буза баштады Депутат Кундузбек Сулайманов мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды