Алматыдагы кар көчкүдөн турист каза болду

Алматынын тоолору.

22-февралда Казакстандын Алматы шаарынын жанындагы тоодо кар көчкү түшүп, бир турист каза болду. Экинчи турист да кар алдында калып, өз күчү менен чыгып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык деңиз деңгээлинен 3 400 метр бийиктикте жайгашкан Титов ашуусунда катталды. Туристтик топтун курамында төрт адам болгон.

Окуя болгон жерге Алматы шаардык өзгөчө кырдаалдар департаментинин куткаруучулары, “Барыс” республикалык ыкчам-куткаруу отрядынын кызматкерлери, полиция өкүлдөрү, психологдор, кинологдор жана ыктыярчылар барышкан.

Куткаруучулар кар алдында калган адамды издеп таап, анын сөөгүн алып чыгышкан.

Алматы шаардык өзгөчө кырдаалдар кызматы тоолордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн экенин эскертип жатат.

Дагы караңыз

Татарстанда дрон чабуулунан улам мунай станциясында өрт чыктыЗеленский Орусия Украинанын энергетика тармагын бутага алганын билдирди Трамп белгисиз учуучу объектилер тууралуу документтерди жарыялоону тапшырды