Ирандын бийлиги ички жана тышкы басымдын шартында сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасына барууга даяр экенин билдирүүдө. Бул сүйлөшүүлөр Омандын ортомчулугу менен ушул жумада өтүшү мүмкүн.
22-февралда Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаиди билдиргендей, сүйлөшүүлөр 26-февралда Женева шаарында уланашы мүмкүн.
«Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди аягына чыгаруу үчүн кошумча күч жумшалат», - деди ал.
Иран өкмөтү да сүйлөшүүлөр дал ошол күнү Швейцарияда өтөрүн кыйытты. АКШ тарап азырынча бул маалыматка расмий комментарий бере элек.
АКШ администрациясы Иранды өзөктүк программасын чектөөгө чакырып келет. Тегеран болсо бул программа тынч, жарандык максаттарды, анын ичинде электр энергиясын өндүрүүнү көздөйт деп ырастоодо. Бирок Вашингтон, Израил жана Батыштагы башка өнөктөштөр Иранды өзөктүк курал жасоону көздөп жатат деп айыптап келишет.
АКШ президенти Дональд Трамп Тегеранды өкмөткө каршы нааразылык акцияларына карата зомбулукту күчөтпөөгө чакырып, режимге каршы аскердик чара көрүлүшү мүмкүн экенин эскерткен.
Ал Жакынкы Чыгыш аймагына ондогон бомбалоочу учактарды жөнөткөн.
21-февралда мамлекеттик телеканал аркылуу түз ободо Ирандын президенти Масуд Пезешкиан дүйнөлүк державалардын басымына баш ийбесин билдирди.
«Дүйнөлүк державалар бизди баш ийдирүүгө аракет кылууда, бирок биз канчалаган кыйынчылыктарга карабай башыбызды ийбейбиз», - деди ал.
Ошол эле учурда 22-февралда социалдык тармактагы билдирүүсүндө салыштырмалуу Пезешкиан мурдагы сүйлөшүүлөр «үмүт бергенин» айтты.
Тегеран аскердик аракеттердин алдын ала турган келишим долбоорун даярдап жатканын да билдирүүдө.