Кыргызстан чет өлкөлөргө 6,2 тонна алтын сатты

Кумтөр алтын кенинен тартылган сүрөт. Архив

2025-жылдын он бир айында Кыргызстан чет өлкөлөргө жалпы суммасы 682,8 млн долларлык 6,2 тонна алтын экспорттоду. Декабрь айында алтын экспорттолгон эмес. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Ага ылайык, алтын эң көп же 3,9 тонна Швейцарияга сатылды. Улуу Британияга 2,1 тонна, Малайзияга 100 кг, Түркияга 10,6 кг, ал эми Кытайга 200 грамм сатылган.

Статком ошол эле учурда былтыр алтын экспорту 2024-жылга салыштырмалуу азайып, 79,5% түшкөнүн белгиледи.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызстанда 2025-жылы 26 тонна алтын өндүрүү пландалганын билдирген. 2024-жылы 24 тонна, 2023-жылы 32 тонна алтын казылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасына даярданууда Италиянын абактарында төрт кыргызстандык жазасын өтөп жатат"Ата бейитте" чек арада курман болгондор эскерилдиАлматыдагы кар көчкүдөн турист каза болдуМэр Жунушалиев "Айчүрөк" дүкөнүнүн жанындагы жашыл аймак калыбына келтирилерин айтты