"Күйөөмдү издейм". Согуштун азабын тарткан аялдар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Орусия Украинага басып кирип, согуш ачканына туура төрт жыл болду. Кан күйгөн майданда күйөөсүн жоготуп, ондогон аял жесир калса, далайы телмирип жол карап, дайынсыз кеткен жакынын күтөт. 2022-жылдын февралынан бери орусиялык 325 миңдей аскер набыт болгон. Жаракат алгандар менен дайынсыз кеткендерди кошкондо Орусияда жалпы жоготуулар 1 миллион 200 миңге жакындайт. “Азаттык” бул жолу Украиндагы уруштан улам аялдардын жашоосу кантип талкаланганын, алардын аянычтуу тагдырын баяндайт.