Орусия Украинага кол салган төрт жылдан бери орусиялык 200 миң 186 аскер набыт болду. Мындай тыянакка ачык булактардан алынган эсептөөлөрүнө таянып Би-Би-Синин орус кызматы, «Медиазона» жана ыктыярчылардын тобу келди. Алардын айтымында, каза тапкандардын 57% армияга мобилизация болгондор, өз каалоосу менен кеткендер жана абактардан согушка айдалгандар, башкача айтканда уруш башталганда куралдуу күчтөр менен байланышы болбогон кишилер түзөт.
Эң көп жооготууга Башкырстан туш болгону аныкталган. Бүгүнкү күнгө карай ал жактан чыккан 9 миң 331 кишинин өлүмү бышыкталды.
Акыркы бир айда бул тизмеге 35 миң киши кошулган. Журналисттер мурда мынча көп өлүм бир айда катталбаганын белгилешет.
Долбоордун авторлору өз иликтөөсүндө некрологдорду, дайынсыз жоголгондорду издеген жарыяларды, мурастоо иштеринин базасын колдонушат.
Алар 2025-жыл дипломатиялык аракеттерге карабастан орус армиясы үчүн эң кандуу болуп калышы мүмкүн деп болжолдошот.
Европа саясаты борборунун кызматкери Александр Коляндрдын пикиринде, экономиканын жана маяналардын өсүү темпи жайлаган сайын келишимге кол коюп согушка кеткендердин саны көбөйө берет.
Журналисттердин анализине ылайык, келишимдерге негизинен жумуш орундары тартыш болгон жана жергиликтүү бийлик согушка активдүү үгүттөгөн чакан шаар-кыштактардын жашоочулары кол коюшат.
Орусияда түрмөдө отурган жеринен же ал өлкөнүн паспортун, чоң акча берүү убадасына азгырылып, согушка кеткендердин арасында кыргызстандыктар да бар. Канчасы майданда каза тапканы же дайынсыз жоголгону белгисиз.