Мектеп окуучуларынын жазгы эс алуусу беш күнгө узартылды

Ош облусу, Өзгөн районундагы орто мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Агартуу министрлиги Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын жазгы каникулун дагы төрт күнгө узартты. Бул тууралуу министрликтин Фейсбуктагы баракчасына жазылды.

Ага ылайык, окуучулардын жазгы эс алуусу 2-марттан 6-мартка чейин созулуп, беш күн болот. 9-марттан тартып 4-чейрек башталат.

Министрлик 3-чейректин төрт күнү 4-чейректин аягына кошулганын, быйылкы окуу жылы адаттагыдай 25-майда эмес, 29-майда аяктай турганын эскертти.
"Акыркы коңгуроо" 29-майда болот.

Буга чейин Агартуу министрлиги окуучулардын жазгы эс алуусу 5-мартта бир күн болорун, окуучулар 9-марттан мектепке кайтарын билдирген. Бул жаңыланган Эмгек кодексине жана окуу жылындагы окуу күндөрүнүн эсебине байланыштуу чечилгени маалымдалган.

Коомчулук жана ата-энелер бир күндүк эс алуудан балдардын чарчоосу жазылбасын белгилеп, нааразылыгын билдиришкен.

Мурдагы жылдары окуу жылынын 3-чейреги жаңы жылдык каникулдан соң Нооруз майрамына (21-март) чейин созулчу. Жазгы эс алуу 22-марттан 31-мартка чейин болуп, окуучулар мектепке 1-апрелде кайтышчу.

Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт.

Президент Садыр Жапаров былтыр январь айында жаңы Эмгек кодексине кол койгон жана анда майрам күндөрүнүн саны кыскарган.

Ага ылайык Кыргызстанда Жаңы жылдык каникул 1-6-январь күндөрү болот. Ошондой эле май айында да 1-8-май күндөрү эс алуу деп жарыяланган. (ZKo)

Дагы караңыз

Казакстанда Жогорку сот чечен активисти Мовлаевди депортациялоону убактылуу токтоттуАк үй: Трамп Иран маселесинде дипломатияга артыкчылык берет"Путин өз максатына жеткен жок". Украинадагы согуш качан токтойт? "Үч баласы, оорулуу апасы бар". Гезит дизайнери пикир үчүн алты жылга соттолду"Биздикилер келбейт". Өкмөт чет элдиктерге 52 миң квота бөлдү