Бийликти басып алуу аракетине айыпталган экс-прокурор 12 жылга кесилди

Кубан Адыл уулу.

Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулун "бийликти басып алуу үчүн массалык башаламандыкка даярданган" деп айыптап, 12 жылга эркиндигинен ажыратты.

Аны менен кошо кармалып, камалган дагы сегиз адам 8-13 жылга кесилди.

Сот чечими менен бардыгынын үй-мүлкү мамлекетке алынды.

Маалыматты Жогорку соттун басма сөз кызматы 25-февралда ырастады.

2024-жылы 12-ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу баштаган жоон топ адамды "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен кармап, камакка алган. Милиция алар жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда калайман башаламандык уюштурууга камданып жүргөн деп маалымдаган. Алар Бишкектин чет жакасында улуттук спорт оюндарын, мелдештерди өткөрүүнү пландап жүргөнү, бирок анын артында бийликти күч менен басып алууга даярдык болгону айтылган. Бул топтун уюштуруучусу деп башкы прокурордун мурдагы орун басары аталган.

Кубан Адыл уулу президент Садыр Жапаровдун буйругу менен 2021-жылы августта башкы прокурордун орун басарлыгына дайындалган, 2024-жылы апрелде кызматынан алынган.

УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин администрациясына кызматтык кат жолдоп, прокуратуранын айрым кызматкерлери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишмердигине кийлигишип жатканы тууралуу арыз жазганы белгилүү болгон.

Анын негизинде Садыр Жапаров ошол кездеги бшкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берген жана Кубан Адыл уулун кызматтан бошотуу сунуштамасын берүүнү тапшырган.(ZKo)

Дагы караңыз

Таласта милиционер чет элдик инвестордун акчасын тартып алууга шектелип кармалдыДепутат Бекешев мектеп формасы боюнча талапты жөнөкөйлөтүүнү сунуштады"Мемориал": Орусияда дээрлик 1400 украин саясий негиздеги ишке айыпталууда"Ата Журт" депутаттык тобунун аталышы "Эл үмүтү - Ата Журт" болуп өзгөрдүTelegraph: Орусиянын чалгын кызматы Европадагы аскер базаларынын жанынан мүлк сатып алганСот Талас Бегалиевдин ишин карап, абактан бошотту