G7 лидерлери Украинага жана Трамптын тынчтык орнотуу планына колдоосун билдиришти

"Чоң жетинин" лидерлери Канадада. Иллюстрациялык сүрөт.

24-февралда Орусиянын Украинага каршы ачкан толук масштабдуу согушунун төрт жылдыгында "Чоң жети" (G7) өлкөлөрүнүн лидерлери биргелешкен билдирүү жасап, Украинанын аймактык бүтүндүгүн, жашоо укугун, эркиндигин, эгемендигин жана көз карандысыздыгын коргоодо "чексиз колдоосун" билдиришти. Билдирүү Европа Комиссиясынын веб-сайтында жарыяланды.

Анда ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трамптын "тынчтык процессин баштоо жана тараптарды түз диалогго тартуу аркылуу бул максаттарга жетүү" аракеттери колдоого алынган.

Билдирүүдө мындан тышкары Украинанын коопсуздук кепилдиктерин "Кайраттуулар коалициясынын" алкагында колдоо жана Европа тынчтык сүйлөшүүлөрүндө алдыңкы ролдо болушу, ал эми тынчтык келишимине Украина менен Орусия гана жетише алары айтылган.

Текстте ошондой эле Украинанын энергетикасын колдоо жана өзөктүк коопсуздугун камсыздоо, Орусияга чыгарылып кеткен украин балдарын кайтаруу жана гуманитардык жардам тууралуу да белгиленген.

G7ге АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия, Италия, Жапония жана Канада кирет. Жарыяланган текстте билдирүүнү АКШнын президенти баштаган бул өлкөлөрдүн бардык лидерлери жактыргандыгы көрсөтүлгөн. Ак үй комментарий берген жок.

Трамптын администрациясы Украинага түз аскердик колдоо көрсөтүүдөн баш тартып, жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү аракеттерине көңүл бурду. Bloomberg агенттиги дипломатиялык булактарга шилтеме жасап жазганы боюнча, Ак үй Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун 4-июлга чейин, АКШ Көз карандысыздык декларациясынын 250 жылдыгын белгилей турган күнгө чейин аякташын каалайт.

Евробиримдиктин көпчүлүк өлкөлөрү, Улуу Британия, Канада жана башкалар Украинаны "Кайраттуулар коалициясынын" бир бөлүгү катары колдоп жатышат. Орусиянын Украинага каршы согушунун төрт жылдыгында Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта жана Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Киевге барышты.

"Согуш башталгандан бери онунчу жолу Киевге келдик. Европанын Украинага каржылык жана аскердик жактан, анын ичинде бул катаал кыш мезгилинде колдоосун тастыктоо жана украин элине да, агрессорго да "Тынчтык орномоюнча чегинбейбиз" деп ачык белги берүү үчүн. Тынчтык Украинанын шарттары менен", - деп жазды Урсула фон дер Ляйен Х социалдык тармагына.

Лидерлер ошондой эле Орусияга экономикалык кысымды күчөтүүгө, анын ичинде кошумча санкцияларды киргизүүгө макулдугун тастыкташты жана Орусиянын Украинанын шаарларын жана жарандык инфратүзүмүн бутага алуусун айыпташты.

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер өз сөзүндө Орусиянын президенти Владимир Путинди "тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү прогресске тоскоолдук кылып жатат" деп айыптады.

Германиянын канцлери Фридрих Мерц Путин жеңе албасын түшүнгөндө согуш аяктай турганын белгиледи.

Фон дер Ляйен Украинага бөлүнгөн, бирок Венгрия тоскоол болуп жаткан 90 миллиард евро насыя баары бир Киевге которуларын белгиледи. Ал ошондой эле Украинаны Орусиянын соккуларынан жабыркаган "Дружба" мунай куурун оңдоону тездетүүгө чакырды. Венгрия менен Словакия Украинаны куурду оңдоо иштерин кечеңдетип, ошону менен өз өлкөлөрүнө орусиялык мунай жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратты деп айыпташкан. Украин президенти Владимир Зеленский Венгрияны бул маселени чечүү үчүн Москвага кайрылууга чакырган.

Ал ошондой эле Украинанын Евробиримдикке кошулуу күнү катары 2027-жылды белгилөөгө чакырды. Фон дер Ляйен өлкө Европа Биримдигине кошулуу жолунда экенин белгиледи, бирок бул тууралуу сүйлөшкөн жок.

Дагы караңыз

Таласта милиционер чет элдик инвестордун акчасын тартып алууга шектелип кармалдыЖурналисттер Украинадагы согушта 200 миңден көп орусиялык аскер өлгөнүн тактады Бийликти басып алуу аракетине айыпталган экс-прокурор 12 жылга кесилди“Сыдыкбеков менен Усубалиев тил маселесинен тирешкен”Депутат Бекешев мектеп формасы боюнча талапты жөнөкөйлөтүүнү сунуштады