Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 26-февралга Бишкек шаардык милициясына чакырылганын “Азаттыкка” билдирди. Буга 24-февралда Орусиянын Украинага каршы согушунун төрт жылдыгына карата чыгарган билдирүүсү себеп болгонун айтты.
Ал Украинага тилектештик билдирген глобалдык акцияга катышып, видео кайрылуу жасаган.
Милиция аны кандай негизде чакырып жатканы тууралуу расмий маалымат бере элек.
Украинадагы согуш башталганы активист Өндүрүш Токтонасыров тилектештик катары социалдык тармактарда пикирин билдирип келет.
Активистке 2023-жылы 30-мартта Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Биринчи май райондук сотундагы отурумда укук коргоочунун соцтармактардагы жазгандарына экспертиза жүргүзгөн лингвист көрсөтмө берип, активисттин жазгандары “кастыкты козуткан” деген тыянак чыккан.
Кийин сот Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган.
Токтонасыров 2022-жылы 17-мартта согушка нааразылык билдирип, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына чыккан жана сот чечими менен 3 миң сом айыпка жыгылган.
Ошол эле жылдын 8-декабрында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке келишине каршы акцияга чыкканда аны милиция кармап кетип, кайра бошоткон.
67 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, Украинадагы согуш жана башка маселелер тууралуу өз оюн ачык жазып, митинг, акцияларга чыгып келет.