ЕБ өкүлү санкциядагы кыргыз банктары Орусияга көмөктөшкөнү тууралуу "ишенимдүү маалымат" бардыгын айтты

Дэвид О'Салливан катышкан басма сөз жыйыны

Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Бишкекке сапар менен келди. 26-февралда басма сөз жыйыны учурунда Евробиримдиктин санкциясына түшкөн кыргызстандык банктардын Орусияга санкциядан буйтоосуна көмөктөшкөнү боюнча "ишенимдүү маалыматтар" бар экенин билдирди.

"Украинадагы согуш бешинчи жылга уланып баратат. Согуш боюнча биздин позициябыз так. Орусия – агрессор, ал аскерлерин Украинадан токтоосуз түрдө чыгарып кетиши керек. Санкциялар мына ушунун башкы куралы. Бизди кабатыр кылган башкы маселе – санкцияны буйтап жаткан финансылык, криптовалюталык аянтчалар. 19-пакетте Кыргызстандагы бул жааттагы компанияларга санкция салганбыз. Мен Улуттук банктын, Экономика министрлигинин өкүлдөрү менен жолуктум”, - деди О’Салливан.

Евробиримдиктин өкүлү алдыда Министрлер кабинетинин жана президенттик администрациянын өкүлдөрү менен жолугуп, ыктымал санкцияларга байланышкан маселени талкуулай турганын билдирди.

Ал Евробиримдик Кыргызстан менен мамилеге аябай көңүл бөлөрүн жана кызматташтык көп тараптуу экенин кошумчалады.

Европа Биримдиги Кыргызстанга санкция киргизүүнү караштырып жатканын америкалык Bloomberg маалымат агенттиги 30-январда жазган.

Басылма Европа Биримдиги Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга карата даярдалып жаткан санкциялардын 20-топтомунун алкагында орус мунайынын баасын чектөөнүн ордуна аны деңизде ташууга тыюу салууну караштырып жатканын билдирди. Агенттиктин булагы мындан сырткары орусиялык банктарга жана мунай компанияларына, Москвага санкциялардан буйтоого жардам берип жаткан үчүнчү өлкөлөрдөгү криптовалюталык сервистерге жана каржылык уюмдарга да кошумча чектөөлөр сунушталышы мүмкүн экенин айтып берген.

Орусия Крымды аннексиялап алган 2014-жылдан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага санкция сала баштаган. 2022-жылы орус армиясы Украинага басып кирген соң бул чараларын дагы күчөткөн. Кийин Орусия башка өлкөлөр менен кызматташуусун жанданткан соң аны менен кызматташкан мамлекеттердин компанияларына экинчи деңгээлдеги санкциялар салынган.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы бирин-серин фирмалар кара тизмеге кирди. Банктарды жана соода фирмаларын кошкондо соңку эсепте Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илешкен кыргызстандык компаниялардын саны 25ке жетти.

Былтыр 18-декабрда Улуу Британия Украинага каршы согушта Орусия бийлигин каржылаган же ага жардам берген орусиялык жарандарга жана компанияларга карата салынган санкцияларды дагы кеңейтип, бул жолу ага Кыргызстандан KIFIKO деген компания туш болгон.

Кыргызстандын “Толубай Банк” жана “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен “кара тизмеге” илинген.

Президент Садыр Жапаров былтыр сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган.

Дагы караңыз

Аба ырайы: жаан, кар жаайтЧыңгыз Ажибаев биринчи вице-спикерлик кызматтан кеттиДепутат Мамытов “75чилердин кайрылуусу” ЖКга киргизилип, каралбай калганын айттыДепутат Жороев Чыңгыз Ажибаев боюнча маалыматтарды текшерүүнү сунуштады