Орбан Зеленскийге ачык кат жазып, мунай кууру боюнча талабын айтты

Виктор Орбан

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинанын президенти Владимир Зеленскийге ачык кат жазды. Орусия мунайын Венгрияга жана Словакияга өткөргөн "Достук" куурунун ишин жандантуу талабы менен жазылган катын ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Орбан Будапешт "согуштук аракеттерди каржылоону жана энергия үчүн ашыкча төлөөнү каалабасын" билдирген.

"Төрт жылдан бери орус-украин согушуна карата венгер өкмөтүнүн жана венгер элинин позициясын кабыл ала албай келе жатасыз. <...> Биз украин элине боорубуз ооруйт, бирок биз согушка катышкыбыз келбейт. <...> Мен сизди "Достук" куурун токтоосуз ачууга жана мындан ары Венгриянын энергетикалык коопсуздугуна чабуул коюудан карманууга чакырам", – деп жазды Орбан.

Орусиянын мунайын Венгрияга жана Словакияга өткөрүү 27-январда токтогон. Украин бийлиги буга куурдагы түтүктөр Орусия армиясы Львов облусуна чабуул койгондо жабыркаганын негиз кылган. Киев ошондой эле Венгрия менен Словакия орус мунайын сатып алууну улантып, Орусиянын Украинага каршы согушун каржылап жатат деп билдирүүдө.

Буга жооп кылып 23-февраль күнү Венгрия Евробиримдиктин Орусияга санкцияларынын 20-пакетин жана Украинага 90 млрд евро насыя берүү чечимин бөгөттөп салган. Венгрия Киев куурду саясий себептер менен ачпай жатат деп, куурга жасалган ракеталык чабуул үчүн украин аскерлерин айыптоодо.

"Украиндер бизге шантаж кылып жатышат. Алар Брюссел менен тил табышып, Венгриянын оппозициясы менен биригип, биздин энергетика тармагыбыздын жана жалпы Венгриянын коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө", - деп билдирген Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто.

23-февраль күнү Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо "Достук" мунай кууру калыбына келтирилмейинче Словакия Украинага электр энергиясын берүүнү токтоторун жарыялаган.

Дагы караңыз

Жапаров "бир досу кетсе, артында 7 миллион досу турарын", элдин тынчтыгын бузгандар аёосуз жазаланарын айттыAxios: Зеленский согуш жыл аягына чейин аяктайт деп үмүттөнөтМишустин мигранттарга көзөмөлдү күчөтүү чараларын жарыяладыАКШга F, M категориясындагы виза менен баруучу студенттер күрөө төлөбөйтЕБ өкүлү санкциядагы кыргыз банктары Орусияга көмөктөшкөнү тууралуу "ишенимдүү маалымат" бардыгын айтты