Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Мамлекеттик Думада өткөн жылдагы ишмердүүлүк боюнча отчет берип жатып, негизги жетишкендиктердин бири катары мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдүн реестри түзүлгөнүн атады.
Бул базага болжол менен 840 миң адам киргизилген. Аларга машине айдоо, никеге туруу жана банк кызматтарынан пайдалануу сыяктуу бир катар чектөөлөр киргизилген. 2025-жылы миграциялык режимди бузган 72 миң адам өлкөдөн чыгарылган.
Өкмөт башчынын айтуусуна караганда, мындан ары “мигранттын санарип профили” түзүлмөкчү. Ошондой эле Ички иштер министрлиги менен Салык кызматынын ортосунда мигранттардын кирешеси жана төлөгөн салыгы тууралуу маалыматты электрондук алмашуу боюнча мыйзам долбоорлору иштелип чыккан.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жумушчуларды уюшкан түрдө кабыл алуу механизми ишке киргизилген. Алар Орусияга киргенге чейин дактилоскопиядан өтүп, экзамен тапшырып жана медициналык кароодон өтүшү керек болот. Ар бир мигрант конкреттүү иш берүүчүгө бекитилип, бул эмгек миграциясын башкарууну ачык жана натыйжалуу кылууга багытталууда.
Ошондой эле мигранттар үчүн экзамен талаптары күчөтүлүп, алардын балдарын мектепке кабыл алууда тестирлөө киргизилген. Медициналык текшерүүдөгү жаңы нормалар кооптуу ооруларды аныктоо мөөнөтүн 14 күнгө чейин кыскартууну карайт.
Орусия акыркы жылдары миграциялык мыйзамдарын катаалдатып келет, анын ичинде мигранттардын балдары орус тилинен сынак тапшырмайын мектепке кабыл алууга тыюу салынган, ал эми алардын ата-энелери Орусияда жүрүү абалын мыйзамдаштырууга милдеттендирилген. Натыйжада былтыр сентябрда мигранттардын 87,5% мектепке кире алышкан эмес.
2021-жылдан бери Мамдума мигранттарга каршы маанайдагы 73 мыйзам долбоорун караганын "ДумаБинго" долбоору санап чыккан. Анын 38и 2024-жылы "Крокустагы" теракттан кийин каралган.
Шерине