Ооганстан менен Пакистандын чек арасында кагылыш болгону кабарланды

"Талибандын" коопсуздук кызматынын аскери ооган-пакистан чек арасында. Кандагар, 29-декабрь, 2025-жыл.

26-февралда Ооганстан менен Пакистандын чек арасында кагылышуу болгону кабарланды. TOLONews жаңылык каналы Ооганстандын Коргоо министрлигине шилтеме кылып "Талибан" Пакистандын чабуулуна жооп кылып, Дюранд сызыгындагы Хост, Пактия, Нуристан провинцияларында жана башка райондордо операция баштаганын маалымдады. "Ал-Жазиранын" ооган армиясындагы булагы Пакистандын 13 бекети алынганын, 10 чакты пакистандык аскер мерт кеткенин ырастады.

Пакистандын Маалымат министрлиги "Талибан" Хайбер-Пахтунхва провинциясынын чек арасында бир нече жерде ок ачканын, ага коопсуздук күчтөрү "токтоосуз жана натыйжалуу" жооп кылганын билдирди. "Баштапкы маалыматтарда ооган тарап оор жоготууларга учураганын, бир нече чек ара бекети жана техникасы жок кылынганын тастыктайт", – деп жазылган министрликтин маалыматында.

Пакистандын премьер-министри Мушарраф Заиди кагылышуу учурунда жоготуу болгонун четке какты. "Ушул тапта бир дагы пакистандык жоокер кармалган да, өлгөн да жок", -деп жазды ал X соцтармагына. Заиди ошондой эле пакистандык бир да чек ара бекети алынбаганын жана жабыркабаганын кошумчалады.

22-февралда Пакистан Хорасан провинциясына чектеш жердеги "Ислам мамлекети" террордук тобунун жана "Техрик-е-Талибан Пакистан" топторунун жети лагерине чабуул жасалганын билдирген. Исламабад аларды Пакистандын аймагында теракт жасоого, анын ичинде февралдын башындагы шиит мечитиндеги жардырууга айыптаган. Өлкөнүн Маалымат министрлиги чабуулду пакистандык талибдер "Ооганстандагы жетекчилери жана нускоочуларынын буйругу менен жасаганын" маалымдаган. Чабуулда террордук топтордун кеминде 70 мүчөсү мерт кеткени айтылган.

"Талибан" өлгөндөрдүн жана жабыркагандардын арасында балдар жана аялдар болгонун билдирген. Ооганстандын Коргоо министрлиги жооп чаралары көрүлөрүн убада кылган.

26-февралда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк Ооганстан менен Пакистанды саясий сүйлөшүүгө чакырган. БУУнун Ооганстанды колдоо миссиясынын маалыматына караганда, 2025-жылдын акыркы үч айында өлкөдө 70 жай тургун мерт кетип, 478 адам жаракат алган.

"Бул жумада дагы курмандыктар катталды, Пакистандын аба чалуунан 13 жай тургун мерт кетти жана бир нечеси жаракат алды", – деди Түрк.

Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы 2611 чакырым ооган тарап расмий тааныбаган Дюранд сызыгы деп аталат.

Пакистан ооган бийлигин тыюу салынган "Техрик-е Талибан Пакистан" террордук тобунун мүчөлөрүн жаап-жашырууга айыптап келет. Исламабад аталган топ Пакистан аймагында адам өлүмүнө алып келген чабуулдарды жасап жүргөнүн белгилейт, Кабул айыптоолорду четке кагууда.

Дагы караңыз

Axios: Зеленский согуш жыл аягына чейин аяктайт деп үмүттөнөтМишустин мигранттарга көзөмөлдү күчөтүү чараларын жарыяладыАКШга F, M категориясындагы виза менен баруучу студенттер күрөө төлөбөйтЕБ өкүлү санкциядагы кыргыз банктары Орусияга көмөктөшкөнү тууралуу "ишенимдүү маалымат" бардыгын айтты"Бирөө кайра качып кетти". Изделип жаткан балдар табылды