Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 26-февралда Бишкекке келген Европа биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливанды кабыл алды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар санкцияга байланыштуу пикир алуушуну улантып, Амангелдиев кыргыз тарап тышкы экономикалык операциялардын ачык-айкындуулугун жана каржылык байкоо жүргүзүүнү улам күчөтүп жатканын билдирди.
Ал каржылык көзөмөл натыйжалуу болушу үчүн соода-сатыкка катышкан бардык тараптын, анын ичинде европалык экспортчулардын да жоопкерчилиги бар экенин белгиледи. Европалык сатуучулар экспорттук-текшерүү талаптарын ак ниеттүүлүк менен аткарып, товарды жөнөтүүдө эрежелерди так сактап, кимге сатып жатканын жакшылап текшериши жана бардык тийиштүү документтерди толук даярдап бериши маанилүү экени айтылды.
“Кыргыз тарап коммерциялык банктардагы контролдук механизмдерди күчөтүү боюнча практикалык кадамдар, анын ичинде операцияларды комплекстүү текшерүү жана талаптарды бузуу коркунучун алып жүргөн транзакцияларды бөгөттөө жөнүндө маалымат берди”, - деп жазылган маалыматта.
Жолугушууда кыргыз тарап тобокелдиктер боюнча түшүнүктүү механизмдерди түзүп, аны баалоодо бирдиктүү критерийлерди, жол-жоболорду кабыл алып, бул багытта ишенимдүү, текшерүүдөн өткөн маалыматтарды пайдаланууну сунуштады. Мындан тышкары санкцияга илинген банктарды кара тизмеден чыгаруу боюнча биргелешкен чаралардын планын даярдап, мындан аркы иш-чаралардын форматын аныктоо зарылдыгын белгиледи.
Дэвид О'Салливан кыргыз бийлигинин ачыктыгына жана түз диалогго даярдыгына баа берип, кыргызстандык банктарды санкциядан чыгаруу жана каржылык тобокелдиктер боюнча конкреттүү сунуштарды кыргыз тарапка бергенин айтты.
Тараптар бул багытта байланыштарды жана кызматташууну улантууга даяр экенин ырасташты.
Дэвид О'Салливан 26-февралда Бишкектеги маалымат жыйынында Евробиримдиктин санкциясына түшкөн кыргызстандык банктардын Орусияга санкциядан буйтоосуна көмөктөшкөнү боюнча "ишенимдүү маалыматтар" бар экенин билдирген.
Европа Биримдиги Кыргызстанга санкция киргизүүнү караштырып жатканын америкалык Bloomberg маалымат агенттиги 30-январда жазган. Басылма Европа Биримдиги Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга карата даярдалып жаткан санкциялардын 20-топтомунун алкагында орус мунайынын баасын чектөөнүн ордуна аны деңизде ташууга тыюу салууну караштырып жатканын билдирген.
Былтыр 18-декабрда Улуу Британия Украинага каршы согушта Орусия бийлигин каржылаган же ага жардам берген орусиялык жарандарга жана компанияларга карата салынган санкцияларды дагы кеңейтип, бул жолу ага Кыргызстандан KIFIKO деген компания туш болгон.
Кыргызстандын “Толубай Банк” жана “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен “кара тизмеге” илинген.
Президент Садыр Жапаров былтыр сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган.