Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Жоханн Харинин социалдык медианын зыяны тууралуу китеби кыргыз тилинде чыкты

Кыргызстанда “Уурдалган көңүл: Чачыранды ойду кантип топтойбуз?” китеби жарык көрдү.

Британ-швейцар журналисти, публицист, замандын орчундуу көйгөлөрү тууралуу бир канча китептердин автору Жоханн Харинин бул эмгегинде адамзаттын кунт коюу жөндөмү эмнеге жоголуп баратканы кылдат талданган.

Автор китепти жазыш үчүн дүйнөдөгү алдыңкы психиатр, нейробиолог ж.б. коомдук илимдердин бир катар илимпоздору менен баарлашкан.

Ал социалдык медиалар жана андагы кыска видео, билдирүүлөр жеке адам эле эмес, бүтүндөй коомдун эс тутумун кыскартып, сынчыл ой жүгүртүү, анализдөө жөндөмүн уурдап жатканын 12 мисал менен берген.

Балдарды сыртка ойнотуу, китеп окуу мээ, жүрүм-турум үчүн пайдалуу экенин түшүндүргөн.

Аталган эмгек - PORCHLIGHT BUSINESS BOOK AWARD сыйлыгынын жеңүүчүсү. The Wall Street Journal, Financial Times, New York Post, Mashable, Mindful тарабынан жылдын мыкты китеби деп табылган.

Харинин эмгегин "Китепстан" басма үйү чыгарды. Аталган басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев китеп убактысынын көбүн социалдык медиага уурдатып, ою чачыранды болуп, тынчсыздануу менен күн кечирип жаткандарга колдонмо курал болорун белгиледи.

Кыргызстанда соңку жылдары бир катар басма үйлөрү дүйнөдөгү бестселлер саналган жана балдарга арналган китептерди которуп, жарыялап келишет. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG